Талас облусунун казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков «Тилдин байлыгы ал ойдун байлыгы» аттуу иш-чарага катышты

Кечээ, 24-февралда Талас шаарына караштуу №8 орто мектепте Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Эл аралык эне тил күнүнө карата  «Тилдин байлыгы ал ойдун байлыгы» аталыштагы адабий, аңгемелешүү болуп өттү.

Иш-чарага Талас шаардык ардагерлер кеңешинен Сыргабай Күрүчбеков, Талас облусунун казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков, Талас облустук медиа борборунун орун басары Козубек Иманкулов, “Талас байрагы” газитинин редактору Нуржигит Сейдалиев, кыргыз тил жана адабият мугалимдери, мектеп окуучулары жана китепкана кызматкерлери катышышты.

Аталган иш-чарада мектеп окуучулары кыргыз тилин даңазалаган чыгармаларды көркөм окуп беришти. Ал эми казынын орун басары Касым ажы Сыдыков өз сөзүндө Куран аяттарында Аллах Таала адам баласын улут-улут, уруу кылып жараткандыгын бегилип, ар бир жаран өз эне тилин сыйлап, адептүү болууга чакырды.