Талас облустук казынын орун басары Касым ажы Сыдыков ата – энени сыйлоо, мекенди сүйүү туурасында баяндамасын жасады

Талас шаарындагы №1 Абжалбек Чолпонкулов атындагы орто мектебинде Талас облусунун ардагерлер кеңешинин  текшерүү комиссиясынын орун басары Бахидин Черчиев жана Талас облустук казынын орун басары Касым ажы Сыдыков менен биргеликте 8-9-10-11 класстардын окуучуларына рэкетизм, терроризм, ата – энени сыйлоо, мекенди сүйүү жана каада-салттар тууралуу баяндама жасашты.

Жолугуу учурунда окуучулардын кызыккан суроолоруна жооп беришти.

“Пайгамбарыбыз чыныгы мусулман – тилинен да, колунан да башкаларга зыяны тийбеген адам. Рэкетизм Ислам дининде тыюу салынган. Азыркы учурда мектептердин айланасында сатылган ден соолукка зыяндуу заттар кооптуу болууда. Аллах Таала пендесине эмне пайдалуу болсо аны буюруп, ар дайым аткаруусун буйруган. А эмне зыян болсо, ошол нерселерден тыйган”,-деди  Талас облустук казынын орун басары Касым ажы Сыдыков