Түптө “Тазалык жана ыймандуулук” аталышта массалык иш-чара өткөрүлөт

Кечээ, 24-февралда Ысык-Көл облусунун Түп райондук администрациясынын жыйындар залында райондун баш имам хатиб Бакыт ажы Кайкиев район акими Элчибек Джантаев  менен жолугушту.

Жолугушууда өз ара кызматташуу жана дин чөйрөсүндөгү айрым маселелерди жөнгө салуу ошондой эле “Тазалык жана ыймандуулук” аталышта массалык иш-чара өткөрүү маселеси боюнча сүйлөштү.

“Жашоодо адам баласына биринчилерден эмне керек деген суроого баарыбыз эле бекем ден соолук деп жооп берсек керек. Эгерде өзүңдүн, үй-бүлөңдүн, тааныш досторуңдун айлана-чөйрөдө жашаган элдин саламаттыгы чың болсо анда биз бактылуу жашайбыз”,- деди Бакыт ажы.

Адамдарды тазалыкка чакыруу максатында уюштурулган иш-чара жакынкы күндөрү коомчулук менен биргеликте өткөрүлмөкчү.