Өзгөндүн Мырза-Аке айылдык аймагында спорттук мелдеш орун алды

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылдык аймагында болуп өткөн спорттук мелдештин ачылыш аземине катышты.

Иш-чарага Кыргызстан футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов, Ал-Бухарий интитутунун ректору Абдирахман каары Атабаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана спортчулар катышты.

Аталган мелдеште спорттун аламан улак түрүнө 100,000 сом коюлса, волейбол жана футбол түрөнө 100,000 сом коюлду. Байге фонду Кыргызстан футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов тарабынан каржыланды.

Иш-чарада Ош облус казысы Самидин кары Атабев спорттун ислам дининдеги ордуна токтолуп, жаштарды спорт менен кошо илим-билим алууга чакырды.

«Спорттун максаты биринчиликти аныктоо эмес, бири-бирин таанып, жер-жерлерде карым-катнаштарды, ынтымактыкты, биримдикти жана жакшылыктарды жеткирүү болуп саналат»,- деди Самидин кары Атабаев.