Умра сапарына баруучуларга анын пазилеттери тууралуу түшүндүрмө берилди

Бүгүн, 24-февралда Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятында казынын орун басары Бакытбек ажы Тунгатаров умра сапарына жөнөп жаткан шаар тургундарын кабыл алды.

Анда жаңыдан умрага жөнөп жатышкан зыяратчыларга Бакытбек ажы кичи ажылыктын шарттары, анын милдеттери тууралуу түшүндүрмө берди.

Умра сапары бул улуу ибадаттардын бири, бул ибадатты бир саякат катары эмес, атайын ниет-ыклас менен аткарууга тийиш. Умра өткөн күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот. Аллахым сапарыңыздарды байсалдуу кылсын жана зыяратыңыздар кабыл болсун”,деди Бакытбек ажы.

Эскерте кетсек, КМДБ тарабынан уюштурулуп жаткан умра сапарынын кезектеги тобу 28-февралда башталат. Ал зыяратчылардын курманда Жалал-Абад облусунун тургундары дагы бар.