Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев имамдардын кезектеги жыйынын өткөрдү

Бүгүн, 24-февралда Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев райондук имамдардын кезектеги бир айлык жыйынын өткөрдү.

Жыйын Чырпыкты айылынын мечитинде болуп, ага жалпы имамдар катышты. Анда терс агымдар менен күрөшүүдөгү аткарылып жаткан иштерге кеңири токтолуп, диний кырдаал туурасында талкуу болду.

Мындан тышкары КМДБдан келген буйруктардын аткарылышы, жума хутбалары бекитилген темалар боюнча өткөрүлүүсү жана ар бир имамдын айыл тургундары, жаштары жана коомчулук менен тыгыз байланышта иш алып баруу тапшырмасы берилди.