Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков элди ынтымакка чакырды

Кечээ, 24-февралда Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков калаадагы жергиликтүү этностордун жетекчилери менен биргеликте, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл облустук мамлекеттик университетинде ынтымак жолугушуусун өткөрдү.

Жолугушуууда улут аралык ынтымакты бекемдөөдө биргеликте ар кандай багыттагы иштерди жүргүзүү сунуштары айтылды.

“Бүгүнкү болуп жаткан иш-чара, облус аймагындагы, деги эле коомчуулкта болуп жаткан диний кастыктарды, диний тирешүүлөрдү болтурбоо, алдын алуу жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулуп, өткөрүлүүдө”,- дейт Талант ажы.

Ошондой эле жума намаздарында, жер-жерлерде жергиликтүү тургундарга жаштарга ынтымак, диний пикир келишпестиктерди алдын алуу алкагында баяндамалар айтылып, түшүндүрүү иштери болуп жаткандыгын кошумчалады.