Чүйдүн «Шабдан-Ата» мечитинин жамааты Искра айылындагы майыптар үйүнө ысык тамак уюштуруп беришти

Чүй облусуна караштуу Чүй районунун «Шабдан-Ата» борбордук мечити, Искра айылында жайгашкан майыптар үйүндө дарыланып жаткан 370 жаранга ысык тамак уюштурушуп, аталган мекеменин айланасына арча отургузушту.

Бул жагымдуу саамалык Чүй районунун борбордук «Шабдан-Ата» мечитинин жамааты жана Чүй районунун хатибиятынын демилгеси менен уюштурулуп, ага Чүй казыятынын иш башкармасы Кубан ажы Бекешов, Чүй районунун баш имам хатиби Сапарали ажы Акбаев, «Шабдан-Ата» мечитинин жамааты жана Искра айыл өкмөт кызматкерлери катышышты.

Иш-чара алкагында диний кызматкерлер майыптар үйүндө дарыланып жаткан жана аталган мекемеде кызмат өтөп жаткан жарандарыбызга үгүт-насааттарын айтышып, бата-тилектерин беришти.

«Кимдир бирөөгө бул дүйнөдө сыноо берсе, ошол сыноого пенде сабыр кылып, сообун Кудай Тааладан үмүт кылса, Аллах Таала аны эки дүйнөдө тең бактылуу кылып, Кыямат күнү аны ыраазы кылат. Аллах Тааланын астында биз күчүбүз, же улутубуз, жу сулуулугубуз менен артык эмеспиз. Аллах Тааланын астында кылган таат-ибадатыбыз менен айырмаланабыз. Ислам дини менен өмүр сүрөм деген пендеге дин өтө жеңил», — деп Чүй казыятынын иш башкармасы Кубан ажы Бекешов.

Уюштурулган иш-чарага мекеменин кызматкерлери ыраазы болушуп, майыптар үйүнүн директору Бактыбек Сатыбалдиевич көмөк көрсөтүп, майыптарга майрамдык маанай тартууланды.

Эске сала кетсек, мындай иш-чаралар Токмок жана Чүй хатибиятында кезек-кезеги менен уюштурулуп, Чүй казыятынын көзөмөлүндө өтүп турат.