Бактылуу болуш үчүн эмне кылыш керек жана дүйнөдөгү бактылуу адамдар кимдер?

  

Кыргызстан Ислам университетинин окутуучусу Шермухаммед Ташматов Нарын шаарындагы Азирети Али мечитинде  адеп-ахлак, адамгерчилик боюнча жума баян өттү. Жума баянда негизги тема болгон адептүүлүк, жакшы жүрүм турумга ээ болуу, адамгерчилик сапат, өзгөчө жылмаю боюнча кеңири токтолду.

“Жашоодо кыйналбай бактылуу жашаш үчүн бир канча шарттар бар. Алардын ичинен эң башкысы адам баласы эң биринчи кезекте бактылуу болгусу келсе, эки дүйнө бактылуулугун кааласа эң биринчи адам ыйманына басым жасашы керек. Адам баласын ийгилкке жетелеген эң биринчи нерсе ыйман, ыйман болсо адамдын жүрөгүндө, жан дүйнөсүндө тынчтык орнойт”,-деди Шермухаммед Ташматов.

Ошондой эле  Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети менен биргеликте уюштурган  «Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча жумага келгендерге түшүндүрүүп кетти.

“Дүйнөдөгү эң бактылуу адамдар, эң бай адамдар, эң акылдуу адамдар булар китеп окуган адамдар экен. Ата-энеси, биртуугандары, коомчулук менен мамиле кылууну билген адамдар китеп окуган адамдар экен. Китеп окуган адам алдыга жылат, бардык маалыматка эгедер болуп акылы тунук болот. Өмүрдү текке кетирбей китеп окуу менен өзүбүздү ар тараптан өнүктүрүү керек. Балдарыңыз ыймандуу, адептүү билим болуусу үчүн балдарыңыздар менен бирге китеп окуңуздар”,-деди Шермухаммед Ташматов

Маалымат үчүн айта кетсек, конкурс имам Бухаринин «Мусулмандын адеби» жана Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр таржымалы тууралуу жазылган «Фыкх ас-Сира» аттуу китептердин негизинде өткөрүлөт.

Конкурска катышууну каалагандар 2020-жылдын 1-мартына чейин тизмеге катталуусу керек. Сынак 2020-жылдын 4-апрелинде облустардын борборлорунда жана Бишкек шаарында өткөрүлөт.