Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ноокат районунун имамдардын жыйынында ысырапкорчулук менен күрөшүүгө чакырды

Кечээ, 23-февралда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ош облусунун Ноокат районунун имамдарына ашыкча ысырапкорчулук менен күрөшүү боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйынга Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, окуу бөлүмүнүн адиси Акжол ажы Бакиров, Ноокат районунун баш имам хатибинин орун басары Бакытбек Рыскулов жана мечит имамдары катышты.

Жыйында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев имамдардын кызмат орду аманат экенин баса белгилеп, ысырапкорчулук менен күрөшүүдө бирдиктүү иш алып барууга чакырды.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Ислам динин үммөтүнө тили, жүрөгү менен  жеткирди. Бизден мурунку аалымдар да өздөрүнө берилген аманатты ылайыктуу аткарды. Алсак, Имам Ханафий, Имам Сарахси, имам Оший, Имам Матуриди сыяктуу аалымдарыбыз динге мээнет кылды. Анткени алар кызмат ордун аманат экенин,  коому үчүн жооптуу экенин  эң жакшы билишчү», — деди Азирети Муфтий.

Ал эми Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, айрым айылдык аймактарда ысырапкорчулук менен күрөшүүдө алгылыктуу иштер болуп жатканына токтолду.

«Ысырапкорчулук менен күрөшүү өз жемишин берүүдө. Алсак, Ноокаттын Төөлөс айылдык аймагында имамдын демилгеси менен жолдор жана көпүрөлөр оңдолууда. Өзгөн районунун Шералы айылында тажыяларда эки койдон ашыкча ысырап кылууга тыюу салынды. Чоң-Алайда да кыскартуулар болду. Сиздерди да бул жаатта иш алып барууга чакырамын», — деди Самидин кары Атабаев.