“Мусулмандын адеп-ахлагы” деген темада айымдар үчүн окуу семинары өткөрүлдү

Бүгүн, 22-февралда Бишкектеги Имам Сарахси атындагы башкы мечитте Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмү тарабынан ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү уюштурулуп жаткан айымдар үчүн кезектеги окуу семинары өткөрүлдү.

Бул жолку окуу семинары “Мусулмандын адеп-ахлагы” деген теманын айланасында болуп, ага жүздөн ашуун айымдар, апалар, эжелер катышты.

Анда КМДБнын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов үй-бүлө баалуулуктары, бактылуулуктун сырлары жана талак маселеси, үй-бүлөдөгү чыр-чатакты алдын алуу боюнча баяндамасын жасап, айымдардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.

«Үй-бүлөдөгү бактылуулуктын сыры жылмаюда. Айымдар ар убакта жолдошуңузга, кайын ата, кайын апаңызга, кайын журтуңузга, балдарыңызга жылуу сөз тартуулаңыз. Күйөөңүздүн мыкты болуусун кааласаңыз, ага жакшы мамиле жасап,  жылуу сөз айтып койсоңуз ал кадимкидей өзгөрө баштайт. Сизге аяр мамиле жасай баштайт”,-деди Равшан ажы Эратов.  

Ал эми лектор Дуйшенбиева Солиха Алманбетовна устаза “Мусулмандын адеп-ахлагы” деген темада баяндама жасап, үй-бүлөдөгү аялзатынын орду, адеби туурасына кенен маалымат берди.   

Эскерте кетсек, эртең, 23-февралда жекшемби күнү саат 10:00дөн 12:00гө чейин ушул эле окуу семинары орус тилинде болот. Каалоочулар үчүн эшик ачык. Лектор Досалиева Кайрыгуль Эсембековна устаза Правила этикета” деген темада лекция өтөт. Кирүү акысыз.