«Дени сак жаштардан дени сак муун түптөлөт»-Замир ажы Икромбаев

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айылынын имамы Замир ажы Икромбаев айылдагы спорт залдагы машыгуучулар менен жолугуп, аларга «Адеп-ахлак жана мекенди сүйүү» темасында баяндамасын жасады.

«Мусулман адам адептүү, билимдүү болуш керек. Күчүбүзгө ишенбей, аны туура жака колдонуп, адептүү бололу. Албетте, Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Аллахтын алдында алсыз мусулманга караганда күчтүү мусулман жакшыраак», — деп айтканы бар. Демек, биз руханий да, физикалык жактан да күчтүү бололу. Дени сак жаштар – бул дени сак муун», — деди өз сөзүдө Замир ажы Икромбаев.

Эске сала кетсек, айылдык спорт залда 16 жаштан 35 жашка чейин жаштар (100гө жакын адам) үзгүлтүксүз келип машыгып турушат.