Нарын шаарында айымдар үчүн “Ийгиликтүү үй-бүлө” аталышындагы семинар өттү

Кечээ, 21-февралда  Нарын шаарындагы Нарын медресесинин жыйындар залында  Кыргызстан Ислам университетинин окутуучусу Шермухаммед ажы Ташматов “Ийгиликтүү үй-бүлө” аталышындагы темада аялзатына семинар  өттү.

Семинарга  Нарын облустук мусулмандар казыятынын билим берүү, мечиттер бөлүмүнүн адиси  Сейит ажы Исаев жана Нарын шаарынан келген  жүздөн ашуун кыз-келиндер  катышты. Семинарда Шермухаммед ажы Ташматов үй-бүлө, ата-энеге кылган мамиле, бала тарбиясы темаларында баяндама жасады.

«Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарат. Сиз жылмайыңыз аалам сизге жылмаят. Күйөөңүзгө, кайын ата, кайын апаңызга, кайын журтуңузга, балдарыңызга жылуу сөз тартуулаңыз. Күйөөңүз жакшы болуусун кааласаңыз, ага жакшы мамиле жасап,  жылуу сөз айтып койсоңуз адам кадимкидей өзгөрөт. Мамилеңиз мыкты болсун! Эң чоң ибадаттардан болгон намаз окуу сыяктуу эле жылмаюу дагы ибадаттардын бири, жылмаюу бул садака. Күйөөңүзгө, балдарыңызга кайнене, кайнатага жылмайыңыз”,-деди Шермухаммед Ташматов.

Семинардын жүрүшү абдан таасирдүү болуп, аялзаты кенен маалыматтарга ээ болушту жана ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле, Шермухаммед Ташматов Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети менен биргеликте уюштуруп жаткан   «Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча  маалымат берди.