Нарында китеп окуу конкурсу боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Кыргызстан Ислам университети менен биргеликте уюштурган  «Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча  Нарын облусунун аймагында түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Түшүндүрүү иш-чарасынын алкагында  Нарын  облусунун казысынын катчысы, казыяттын башкы эсепчиси Окен ажы Жунушов  жана Кыргызстан Ислам университети окутуучусу Шермухаммед ажы Ташматов биргеликте шаар тургундарына, жергиликтүү жашоочуларга, медресе студенттерине маалымат беришип, китеп окууга чакырышты.

“Конкурс имам Бухаринин «Мусулмандын адеби» жана Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр таржымалы тууралуу жазылган «Фыкх ас-Сира» аттуу китептердин негизинде өткөрүлөт”,-деди Шермухаммед ажы Ташматов.

Конкурска катышууну каалагандар 2020-жылдын 1-мартына чейин тизмеге катталуусу керек. Сынак 2020-жылдын 4-апрелинде облустардын борборлорунда жана Бишкек шаарында өткөрүлөт.