Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кувейттеги “Ихья ат-Турос аль Ислами” бирикмесинин өкүлү Атиф Ибрахим Рифаъий менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кувейттеги “Ихья ат-Турос аль Ислами” бирикмесинин өкүлү Атиф Ибрахим Рифаъий менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда “Ихя Турос Ислами” фонду менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ортосундагы кызматташтык, дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу жана алардын тажрыйбаларын бекемдөө жаатында пикир алышты.

Эки тараптуу жолугушууда Атиф Ибрахим Рифаъий бул жолу диний окуу жайлардын мугалимдерине уюштурулган окуу курсу абдан жогорку деңгээлде болгондугун баса белгилеп, Азирети Муфтийге ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми Азирети Муфтий быйылкы жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө аймагындагы дин кызматкерлеринин билимин жогорулатууга басым жасап жаткандыгын айтып, окуу курстары жыл аягына чейин улантыла берээрин билдирди.

«Инсан билимди күнүгө жаңылап, изденүүнүн үстүндө болуусу керек. Ошондуктан быйыл Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуунун үстүндө иш алып барууда»,-деди Азирети Муфтий.

Эки тараптуу жолугушууга Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, Азирети Муфтийдин жардамчысы Улан ажы Ибраев жана «Исар» фонунун жетекчиси Алтынбек ажы Кудайбергенов катышты