2020-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3350 АКШ долларын түздү. Төлөмдөр 26-февралдан тарта кабыл алына баштайт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2020-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькулация 3350 АКШ доллары болуп түзүлгөндүгүн маалымдайт. 2019-2020-жылдары ажылык серверге катталып, 500$ АКШ долларын төлөп, кезек күтүп, ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлер калькуляцияда көрсөтүлгөн  баадан калган 2850 АКШ долларын 2020-жылдын 26-февралынан 17-март (17-март кошо эсептелгенде) РСК Банктын иштөө убактысына ылайык төлөөлөрү зарыл.

Сауд Аравия Падышачылыгы виза, медициналык камсызданырууну акылуу кылып, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жогорулаткандыгына байланыштуу ажылыктын наркы быйылкы жылы жогорулады.  

Эскертүү: Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай,  Баткен райондору. Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондору. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары, Сузак райондору жана Ош шаарынан ажылык сапарына катталган талапкерлер өздөрүнүн аймагындагы ажылыкка каттоочу операторлордон квота тийген же квота тийбегендигин тизмеден тактап алгандан кийин гана калган төлөмдү РСК банкына төлөөлөрү зарыл. Себеби, жогоруда көрсөтүлгөн аймактар өз квоталарынан ашып кеткендиктен улам кезекке туруп калгандар бар.

Быйыл Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 6110 квота бөлгөн.