Баткен шаарында аялдар арасында Куран жарышы болуп өттү

Кечээ, 25-февралда Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан  аялдарды Куран  жаттоого кызыктыруу максатында Куран жарышы өткөрүлдү.

Иш-чарага облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов катышып, Куран жаттоо жана башкаларга үйрөтүүнүн сообу туурасында  айтып, катышуучуларды Куран жаттоого жана ага амал кылууга чакырды.

Жарыш Куранды 1 пара жаттоо жана көркөм боюнча болуп, жыйынтыгында демөөрчүлөр тарабынан белектер тапшырылды.

“Жарышка катышуучулардан сырткары  көрүүчүлөрдүн саны өтө көп болуп, имаратка батпай калышты. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, жакшы маанайда өттү. Келечекте мындай Куран жарыштарын дагы уланта бермекчибиз”,-деди уюштуруучулар.

Ал эми жарышка катышкан катышуучулардын айтымында, Куран адамдын кулк-мүнөзүнүн өзгөрүшүнө себепчи болот.

Куранды окуган соң адамдын мүнөзү жумшарып өзгөрөт экен. Башында аны жаттай албай аябай кыйналгам. Негизинен Куранды окуган адам өзүнүн жоопкерчилигин сезип, жүрүм-турумуна кылдаттык менен мамиле жасайт экен”, — дейт катышуучулардын бири.