“Ата-бабаларыбыздын бизге мурас кылып калтырган жакшы таалим-тарбиясын жаштарга жеткерүүгө милдеттүүбүз”,-Убайдулла ажы Сарыбаев

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев “Шейит-дөбө” мечитинде эл менен жолугушуп, азыркы учурда жаштардын адеп-ахлагына, жүрүм-турумуна көңүл бурууга чакырды.

“Ата-бабаларыбыздын бизге мурас кылып калтырган жакшы таалим-тарбиясын жаштарга жеткерүүгө милдеттүүбүз. Улууга урмат, кичүүгө изат деген түшүнүктөрдүн жок болуп кетүүсүнүн алдын алышыбыз керек. Эгер азыр эскертпесек, 100 жылдан кийин адеп деген түшүнүк жоголуп кетүүсү мүмкүн”,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев

Жолугушуунун алкагында рамазан айы, Куран окуу, ысырапкорчулук ж.б. бир канча маселелер каралды.