Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев облус башчысы Марат Мураталиевдин кабыл алуусунда болду

Бүгүн, 26-февралда Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиевди кабыл алды.

Жолугушууда элди ынтымакка чакыруу, кылмыштулукту алдын алуу, жазгы талаа жумуштары жакындап калгандыктан эмгекке чакыруу жана башка маселелер каралды. Бул маселени иш жүзүнө ашырууда облус башчысы Марат Мураталиев казыны биргеликте кызматташууга чакырды.

Ал эми Таалай ажы кызматташууга даяр экенин, коомчулуктагы терс көрүнүштөрдү алдын алууда имамдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

“Экстремистик жана террористик агымдардын алдын алуу боюнча түшүндүрү иштерин жүргүзүүдө мамлекет кызматкерлери менен биргеликте иштешип аракет кылуудабыз. Эл арасында ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо жаатында дин кызматкерлери жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүүдө”, – деди  Таалайбек ажы Бапиев.