Баткен районун имам хатиби мектеп окуучуларына билим алуунун зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Кечээ, 25-февралда Баткен районунун Чек жана Жаңы-Жер айылдарында жогорку класстын окуучуларына терроризмди алдын алуу, ата-энени урматтоо, ислам дининин асыл баалуулуктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов,  Баткен РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө иниспектору Амангелди Дүйшөнкул уулу жана Баткен РИИБ экстремизм мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн  башчысы Мухаммедамин Исламбеков ошондой эле мектеп мугалимдери катышты.

“Окуучулар арасында орун алган терс көрүнүштөр алардын кесепети тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келдик. Жаштарды жаштайынан тарбияга чакырып, билим алуунун зарылдыгы, ата-энеге, мугалимге урмат-сый мамиле жасоого чакырдык”,-деди Муса ажы Жолдошов.