Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Кызыл-Кыя шаарында имамдын милдети боюнча баяндамасын жасады

Кечээ, 26-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын борбордук мечитинде шаар имамдарына намаз убактылары, ай көрүү маселелери жана имамдык милдет боюнча атайын сабак уюштурду.

Муну менен катар Аалымдар Кеңешинин төрагасы туура эмес агымдарды алдын алуу жана имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча облустук казыятка, райондук имам хатибдерге тапшырмалар берилди.

«Рамазан айы келээрде ай көрүү маселеси көтөрүлөөрү баарыбызга маалым. Ислам шариятында болсо календарь ай эсеби менен жүргүзүлөт. Ошол асмандагы айды эсептөө менен жыл санагы жүргүзүлөт. Асмандагы ай кээде 29 күн, кээде 30 күн болот. 28 күн да, же 31 күн да болбойт. Демек жогорку “Григориан календарында”гы айлар сыяктуу эле 29 күн болсо деле же 30 күн болсо деле толук бир ай деп көңүлгө алабыз»,-деди Абибилла ажы Кадырбердиев.