Кара-Балта шаарындагы «Достук» мечитинде оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы «Достук» мечитинде оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мечиттин имамы Хасан Рахимов маалымдаган.

Анын айтымында, бул соопту иш-чара жергиликтүү жамааттын демилгеси менен уюштурулуп, айыл тургундары колунан келген салымын кошууда.

«Көп түкүрсө көл болот дегендей жергиликтүү жамаат менен биргеликте бул соопту иш-чараны уюштуруп, 100 миң сом каражат топтолгон. Чогулган акчага мечиттин терезе жана эшиктерин алмаштырып, сыртын жылуулап, оңдоп жатабыз. Өткөн жылы да ушул сымал иш-чара уюштуруп, мечиттин ичин оңдоп, мечит алдына навес куруп алганбыз. Быйыл дагы жамааттын колдоосу менен оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат», — деди айыл имамы Хасан Рахимов.

Эске сала кетсек, Жайыл району боюнча мечиттерди оңдоп-түзөө иш-чарасы Жайыл хатибиятынын жылдык иш мерчеминде бекитилген.