Алексеевка айылындагы «Мадина» мечитинин жамааты ишембилик өткөрүштү

Кечээ, 26-феврал күнү Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Алексеевка айылындагы «Мадина» мечитинин жамааты, мечиттин тегерек-четин тазалап, ишембилик өткөрүштү.

Мындай иш-чара мечит имамы Өмүрбек каары Жалиевдин демилгеси менен уюштурулуп, ага аты аталган мечиттин жамааты катышкан.

«Жаз мезгили жакындап, күн жылыганына байланыштуу эки күндөн бери мечиттин ичи-тышын, айланасын тазалап жатабыз. Бул соопту иш-чарага мечиттин жамааты 20га чукул адам катышты. Ким мечитти тазаласа, Кудай Таала анын ички дүйнөсүн тазалайт деп риваяттар айтылган. Сыртыбыз таза көрүнгөнү менен ички дүйнөбүз оорукчан. Аллах Таалам ушул иш-чара себебинен жан дүйнөбүздү тазалаган болсун»,-деди Өмүрбек каары Жалиев.

Кийинки ишембилик мечиттин айланасын жашылдандырууну колго алышып, көчөт отургузушмакчы.