Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз каары Закиров баш имам хатибтерге ысырапкерчилик менен күрөшүүгө чакырды

Кечээ, 27-февралда Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятынын жыйындар залында облус казысы Абдулазиз каары Закиров, казынын орун басары Бакытбек ажы Тунгатаров жана казыят түзүмүнүн  кызматкерлери  райондун баш имам хатибтерине жыйын өттү.

Жыйында 2020-жылга карата түзүлгөн иш мерчеми талкууланып, бекитилди.  Ошондой эле облустук казыят менен хатибияттар, айыл аймак имамдары жана жума мечит имамдары менен түзүлүүчү келишим жана тил кат бул жылга карата жаңыланды.   Быйылкы  жылда ысырапкерчиликти жоюу боюнча дагы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

“Иш мерчемдерибизди ар бирибиз так аткарууга аракет кылылы. Мына биз ысырапкерчиликти жоюу боюнча  жергиликтүү жетекчилер менен  сүйлөштүк. Бийлик өкүлдөрү дагы бул ишке киришип, элибиздин  социалдык абалын жакшыртууга кам көрүп жатышат. Биз дагы учурдан пайдаланып түшүндүрүү иштерин жүргүзөдү,”-деди облус казысы.