Ноокен районунун баш имам хатиби этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси менен жолукту

Кечээ, 27-февралда Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов Өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор  аралык мамилелер боюнча мамлекеттик  агентигинин Ноокен райондук бөлүмүнүн жетекчиси Каныбек Камбаров менен жолукту.

Жолугушууда улуттар аралык мамилелерди бекемдөө, район хатибдер менен биргеликте тыгыз кызматташуу жана мындан аркы биргеликте жүзөөгө ашуучу иш мерчемдер талкууланды.

“Баарыбызга белгилүү болгондой эле 2010-жылы оор сыноону башыбыздан өткөрдүк. Мындай терс окуя эч убакта жана эч качан кайра кайталанбашы керек. Муну жалпы калк деле түшүнүп калды деп ойлойм. Буюрса ынтымакты бекемдөө максатында атайын оюн-зоок жана спорттук иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз”,-деди Каныбек Камбаров.