Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз каары Закиров: Айрым адамдар динди жакшы түшүнбүгөндүктөн терс агымдардын куралы болууда

Кечээ, 28-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун администрациясынын жыйындар залында укук коргоо органдары тарабынан уюуштурулган экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча чоң жыйын болуп өттү.

Жыйынга Дин иштери боюнча мамлекеттик коммиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев, Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз каары Закиров жана бир катар жетекчилер жана дин кызматкерлери катышты.

Иш-чарада облус казысы Абдулазиз каары Закиров айрым адамдар динди жакшы түшүнбөгөндүктөн ар кандай агымдардын куралы болууда экенин баса белгиледи.

Ислам дин тынчтыктын дини. Динибизде эч кандай зордук-зомбулук, талап-тоноо,  адам өлтүрүү деген  жок. Кээ бирлери динди жамынып алып, саясий жана башка өз кызыкчылыктарын көздөп, туура эмес кадамдарга барып жатат. Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) бир адамды тамашалап болсо дагы терс көрүнүштөрдөн оолактаткан. Айрымдары динди жакшы түшүнбөгөндүктөн коомго коркунуч жараткан агымдардын, душмандарынын куралы болуп калып жатышат”,-деди облус казысы.