“Адамдын биринчи орунда жан дүйнөсү сулуу болушу керек”,-деди караштуу Чаткал районунун баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов Чаткал районунун Кызыл-Токой айылында жайгашкан Б. Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин  9-10-11-класстар арасында атайын уюштурулган “Руханий адеп-ахлак” деген темада тегерек столго катышты.

Тегерек столго мектеп директору Равшан Арзыматов, атайын чакыруу менен Чаткал районунун баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов,  ардагер мугалим Гүлжан Темиркулова,  Канышай Аликеева жана ата-энелер катышты.  

“Алла Куранда “биз инсанды көркөм түзүлүштө жараттык” деген. Бирок  кайсы бир адам жүзү өтө сулуу болгону менен кулк-мүнөзү, адеп-ахлагы жаман болсо ал адамдарга эч качан жагымдуу көрүнбөйт. Ошону үчүн адамдын биринчи орунда жан дүйнөсү сулуу болушу керек”-деди баш имам хатиб.

Жыйын узака созулуп ата-энелер, мугалимдер дагы өз ойлорун ортого салышып, окуучуларга адеп-ахлагына көңүл бурууда биргеликте иш-чараларды аткармай болушту.