Таластагы «Али ибн Аби Толиб» медресесинин окуучулары мекенге болгон сезимдерин ыр менен даңазалашты

Талас облусундагы “Али ибн Аби Толиб” медресесинин окуучулары үчүн мындан бир апта мурда “Мекенге болгон сезимдер” аттуу ыр жазуу сынагынын жарыялаган.

Сынакка медресенин жалпы окуучулары катышып, алдыңкы орунга ээ болгондорго Талас облусунун казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков өзү белектерди тапшырып, окууларына жана мындан аркы жашоосуна ийгиликтерди каалады.  

Жеңүүчүлөр: Жакыпжанов Нуршах, Сырдыбаев Абаз, Күрүчбеков Абдулазиз жана Рысбек уулу Сылык.

Бул иш-чаранын максаты окуучулар арасында мекенге болгон сүйүүлөрүн ыр саптары аркылуу чагылдыруу, мекенчилдик сезимин ойготу жана балдардын катылып жаткан талантын коомчулукка жеткирүү.