Ош шаардык мусулмандар казыяты көчмө жыйын өткөрүүнү баштады

Ош шаардык мусулмандар казыятынын калаадагы жалпы мечит кызматкерлеринин жыйындарын көчмө жыйын түрүндө ар кайсы мечитте өткөрүүнү баштады. Бул иш-чаранын негизги максаты мечит кызматкерлери бири-биринин мечиттеги ишмердүүлүгү менен пикир алышуу болуп саналат.

Алгачкы көчмө жыйын мечиттердин бухгалтерлери арасында болуп, алардын мечиттеги кагаз иштери жана башка көптөгөн көрүнүктүү иштерин жеринде таанышып чыгуу болду.

Алгачкы көчмө жыйын Ак-Буура батыш хатыбиятына караштуу “Калкожо Эшан” мечитинде болду.

“Сиздердин аткарып жаткан ишиңиздер сыймыктана турган жумуш. Анткени сиздер мечиттеги шартты оңдоп-түзөө иштерине жооптуу болгон бактылуу адам болуп саналасыздар. Аткарган ишиңиздерге кайдыгер карабаңыздар”,- деди Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов.

Ал эми Ош шаардык мусулмандар казыятынын башкы бухгалтери Билалидин ажы Надыров мечиттеги кагаз иштеринде айрым катачылыктардын үстүнөн иштөө зарылдыгын айтты.