Ош облусунун мусулмандар казыяты менен ОшМУнун теология факультетинин кызматташтыгы талкууланды

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик Турсунбеков ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары Абдүлмежит Исламоглу менен жолукту.

Жолугушууда имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана студенттер үчүн илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу маселелери каралып, жакынкы күндөрдө жүзөгө ашырыла турган иш-чаралардын мерчеми талкуулашты.

Абдүлмежит Исламоглу өз сөзүндө эки тараптуу кызматташууга дайыма даяр экенин билдирди.