Ысык-Көлдө “Ийгиликтүү үй-бүлөнүн сырлары жана үй-бүлөнүн баалуулуктары” аталыштагы окуу семинары өткөрүлдү

Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты менен Кыргыз Ислам университетинин шарият кафедрасынын башчысы Шермухаммад Ташматов жана окутуучулары Эльза Дүйшенбиева, Гүлмайрам Матраимова Ысык-Көлдүн Балыкчы, Каракол шаарларында жана Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдарында “Ийгиликтүү үй-бүлөнүн сырлары жана үй-бүлөнүн баалуулуктары” аталыштагы окуу семинарын өткөрүштү.

Семинарда Шермухаммед Ташматов үй-бүлө, ата-энеге кылган мамиле, жолдошуна болгон мамиле, бала тарбиясы, турмушка чыга элек кыздарга турмушка чыгууга даярдануу, эркек кишинин үй-бүлөдөгү ролу,  жылмаю, китеп окууга көңүл буруу боюча кеңири токтоло кетти.  

“ Азыркы учурда эң маанилүү нерселердин бири бул турмуш курууга, үй-бүлө күтүүгө, ага даярдык көрүү зарылдыгы келип чыкты. Бул жерде отурган турмуш кура электерге айта кетээрим ыймандуулукка, жакшы кулк мүнөздүү болууга, адамдар менен мамилени түзө билүүгө басым жасаңыздар. Көп учурда тарыхий, адабий, диний, дүйнөлүк классикалык чыгармаларды окуңуздар. Азыр китеп басмаканалар дээрлик көп издеген китебиңизди таба аласыз. Китеп окуу менен жан-дүйнөңүздү байытып, өзүңүздөрдү ар тараптан өнүктүргөн болосуздар. Ошондой эле үй-бүлөңүздөр менен биргеликте китеп окууга басым жасаңыздар”,- деди Шермухаммед Ташматов

Ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети менен биргеликте уюштурган  «Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча семинарга келгендерге түнүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш-чарага ЖОЖ студенттери, жогорку класстын окуучулары, карапайым эл, мамлекеттик кызматкерлер, дин кызматкерлери, мектептин окутуучулары, директорлору, бала бакчалардын жетекчиликтери жана укук коргоо органдары катышты.