Алибек ажы Жусупов: Жакшылык кылгыла, жакшылык адамдын эң улук сапаты

Бүгүн, 28-февралда Ош облусунун Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов Араван районунун Алиянаров айылдык аймагында ынтымактыкты бекемдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш-чарага Алиянаров айыл өкмөтүнүн жетекчиси Жалалдин ажы Нурбаев, ИИМ өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Иш-чарада Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов ислам дининин баалуулуктарына токтолуп, элди ынтымакка, биримдикке жана сабырдуулукка чакырды.

«Жакшылыкка себепкер болуу, аны аткарган сыяктуу сооп табат. Мына ошондуктан жакшылык кылгыла,  жакшылык адамдын эң улук сапаты. Сабырдуулук кылгыла, сабырдуулук адамдын эң улук сапаты», — деди Албиек ажы Жусупов.