Жалал-Абадда дааватчылардын билим деңгээлин жогорулаткан сертификаттар тапшырылды

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын орун басары Бакытбек ажы Тунгатаров, окуу бөлүм башчысы Арпидин ажы Жороев жана мечит бөлүмүнүн адиси Бектен ажы Боронбаев даават жолунда жүргөндөрдүн билим деңгээлин жогорулаткандарга сертификаттарды тапшырды.

Бир айлык окуу курсу Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Айти” жума мечитинде болду. Окуу курсун облустун ар кайсы бурчунан келген 20 дааватчы бүтүрүп, аягында Жалал-Абад облустук мусулмандар казыяты тарабынан сертификаттар тапшырылды.

Окутуу иштери Ханафий мазхабынын негизинде жүргүзүлүп, 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепциясын ишке ашыруу, Куран жана фыкх илими боюнча атайын дин аалымдары окутууларды жүргүздү.