Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев Токтогул районунда жаштарга туура таалим-тарбия берүүгө чакырды

Кечээ, 28-февралда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун админстрациясынын жыйындар  залында “Алтын муун” аталышында чоң жыйын болду.

Жыйынга Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев, “Секом” билим берүү мекемесинин жетекчиси Таалай Бекмурзаев, райондун акиминин орун басары жана укук коргоо органдары жана мектеп директорлору катышты.

Семинарда Марс ажы Ибраев жаштарга туура таалим-тарбия берүү,  китеп окууга кызыктыруу, спортко шыктандыруу, терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча баяндамасын жасады.

“Бул жерде бардык тармактын өкүлдөрү отурасыздар. Элибизде айтылгандай “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып” жалпыбыз биргеликте жаштарыбызды жаркын келечек үчүн аларга багыт берип, таалим-тарбиясына көңүл буралы. Аларга кам көрүү ар бирибиздин милдетибиз”,- Марс ажы Ибраев.