Исфана шаарында мектеп окуучуларын адептүүлүккө чакырган жолугушуу өттү

Кечээ, 27-февралда Баткен облустук мусулмандар казыяты жана Лейлек райондук хатибияты тарабынан Исфана шаарындагы Юрий  Гагарин атындагы орто мектебинде 9-10-11-класстардын окуучуларын адептүүлүккө  чакырган жолугушуу иш-чарасы болуп өттү.

Жолгушууда Баткен казыятынын иш башкарма башчысы Абдусаттар Жакыпов “Ата-энени сыйлоо” тууралуу окуучуларга маалымат берип, аларды  ата-энени сыйлоого  чакырды.

Ата-эне кандай гана абал болбосун уулдун, кыздын жакшы мамилесине татыктуу жана аларга жылмайып гана сүйлөгөнү – аларга болгон урматынын белгиси. Ал эми төргө чыгарып, тамактын асылын аларга сунуп, аларды сыйлаганы адептүүлүк”, -деди Абдусаттар Жакыпов.

Ошондой эле казыят өкүлдөрү окуучуларды бардык шарттар түзүлүп турган чакта, жаш кезинде окуп, илим-билим алуу керек экендигин эскертип, куштун кош канаты сыяктанган адеп-ахлак менен илимди бирдей үйрөнүүгө үндөдү.

Эске салсак, ушундай иш-чаралар Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата Баткен облусунун аймагындагы окуу жайларда, мектептерде өткөрүлүүдө.