Абибилла ажы Кадырбеков: Имам – бул адамдарды туура жолго чакырган, жамандыктан кайтарган инсан

Кечээ, 27-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев жана Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун катышуусунда  Баткен облусунун Лейлек районундагы жана Сүлүктү шаарынын имамдардын жыйыны болуп өттү.

Ааалымдар Кеңешинин төрагасы имамдар менен болгон жыйында алардын коомчулук арасындагы милдеттерин түшүндүрүү менен ар убакта эл кызматында болууга чакырды.

“Имам – бул адамдарды туура жолго чакырган, жамандыктан кайтарган, аларга насаат айткан, муктаждарга туура кеңеш берген, билбегенин үйрөткөн, кайдигерликтен куткарып, элге туура багыт көрсөткөн инсан. Ошондуктан имам эң жакшы сапаттары менен үлгү болушу керек”,- деди Абибилла ажы Кадырбердиев.

Муну менен катар салттуу Ханафий мазхабын жайылтуу, мечиттерде шариат сабактарын уюштуруу зарыл экендигин белгиледи.