Нарын шаарында Азия чемпиону Улукбек Жолдошбековду тосуп алышып, жаңы спорт комплексинин пайдубалы түптөлдү

Нарын шаарынын сыймыгы, эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Улукбек Жолдошбеков өткөн жумада Нарын шаарына келген.

 Азия чемпиону Улукбек Жолдошбековду тосуп алууга  Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, шаардык Кеңештин төрөгасы Жыргалбек Ботоканов, Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев, спорт күйөрмандары, шаарыбыздагы мектеп мугалимдери менен окуучулар, машыктыруучулары жана жаштар өзгөчө сый менен тосуп алышты. Ага ак калпак кийгизип, чепкен жабышты.

Андан соң, куттуктоо сөздөр орун алып, облус башчысы Эмилбек Алымкулов ага “Нарын облусунун ардактуу атуулу” наамын ыйгарып, 20 миң сом менен сыйлады. Куттуктоо сөздөр сүйлөнүп, демөөрчүлөр тарабынан 400 000 сомдук жана Нарын шаарынын С.Бекманбетов атындагы эркин күрөш боюнча адистештирилген олимпиадалык резервиндеги балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин жалпы жамаатынын атынан 70 000 сомдук серификаттар тапшырылды.

«Буюрса Кыргызстандын жаштары ар тармактан өсүп келе жатат, спорт тармагы дагы куру эмес. Улукбек Нарын шаарынан өсүп жеткен бала. Азия чемпиону болуш үчүн көптөгөн мээнет, машыгууларды өткөрдү. Улукбекке окшогон жаштарды, жаш келечек муунубузу колдошубуз керек. Кыргызтандын келечеги албетте жаштардын колунда, Нарын шаарынан мына ушундай Азия чемпиону чыгып жатканы бизди абдан кубандырды. Эми дүйнө чемпиону, олимпиада чемпиону болуп, элибиздин капчыгына көптөгөн алтын медалдарды алып келет деген ишеничибиз зор«,-деди Мамбетасан Ибраев.

Ошондой эле облус казысы Мамбетасан Ибраев Нарын шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, MMA & PF федерациясынын президенти жана спорт сүйүүчүлөрүнүн катышуусунда MMA & PF федерациясынын жаңы курулуучу спорт комплексинин капсуласынын салынышына катышты.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын  13-18- февралында Индиянын Нью-Дели шаарында Азия чемпионаты орун алып, эркин күрөш боюнча 61 кг салмак бирдигинде Улукбек Жолдошбеков чемпион болгон.