Нарында имамдарга ысырапкерчилик менен күрөшүү боюнча тийишттүү тапшырмалар берилди

Нарын облустук казыятынын Нарын району боюнча баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев имамдардын айлык чогулушун өткөрүп, имамдардын отчетун кабыл алды.

Чогулушта имамдардын жоопкерчилиги жана Муфтият, казыяттын буйруктарын так аткаруу тууралуу сөз болду.

Андан тышкары ысрапкерчилик боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча талкуу болду. Ошондой эле мечиттерде жамаатка сабактарды өткөрүү боюнча  сөз болуп, жыйналыштын акырында ооз эки отчёт беришип, жазуу жүзүндө отчеттор кабыл алынды.

“Урматтуу имамдар өзүңүздөр имам болгон айылдарда жоопкерчиликтүүсүздөр. Муфтият, казыяттын буйруктарын так аткаруу менен жума баяндарына жакшы даярданыңыздар. Айыл элине ашыкча ысырапкерчилик боюнча элге баяндарды өткөрүп, мечиттердеги жамааттарга көңүл бөлүп, сабактарды өткөрүп туруңуздар”,- деди Кумарбек Орозалиев