Садака – балээни кайтарып, өмүрдү узартат! Жардамга муктаж үй-бүлөгө акчалай жана азык-түлүк жеткирилди

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Озерное айылынындагы «Байыш» мечитинин жамааты, аталган мечиттин имамы Искендер Дюйсеновтун демилгеси менен кайрымдуулук иш-чарасын уюштурулду.

Анда жамаат менен бирге Рассвет айылынын тургуну, төрт баланын атасы Иличбек Абдусаттаров мырзага 6 миң 5 жүз сом акчалай жана 2 миң сомдук азык-түлүк жардам иретинде тапшырышты.

Учур-учуру менен жамаат биргелешип, акча топтоп муктаж үй-бүлөлөргө жардам берип турушат. Бул жолкусунда колунда жок үй-бүлөнү тандап алышкан.

«Садака – балээни кайтарып, өмүрдү узартат. Кайсыл амалыбыздан Кудай Таалам ыраазы болоорун эч кимибиз билбейбиз. Демек, көпбү, азбы колубуздан келишинче, ыкылас менен кайрымдуулук кыла берели. Мечит жамаатына рахмат, демилгени колдоп, учур-учуру менен ушул сымал иш-чараларды уюштуруп турабыз. Өз кезегинде Иличбек Абдусаттаров жамаатка ыраазылыгын билгизип, батасын берип узатты», — деди айыл имамы Искендер Дюйсенов.