Кант шаарындагы тилсиз жоодон жабыркаган Руслан Аширбаевдин үй-бүлөсүнө 10 миң сом акча жана кийим-кече, тамак-аш тапшырылды

Кант шаарынын Центральная көчөсүндө жайгашып, тилсиз жоодон жабыркаган Руслан Аширбаевдин үй-бүлөсүнө Кант шаарынын хатибияты жана Кант шаарынын борбордук мечит жамааты 10 миң сом акчалай, кийим-кече жана азык түлүк менен жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Кант шаарынын баш имам хатиби Пазылбек ажы Абдурахманов билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара Чүй казысы Руслан ажы Жумагуловдун тапшырмасы менен уюштурулуп, өзгөлөрдүн тагдырына кайдыгер карабаган жарандарыбыздын жардамы менен ишке ашкан.

«Кырсык – каш кабактын ортосунда» деп ата-бабаларыбыз бекер айткан эмес. Эртен, ал тургай көз ачып жумганча эмне болуп кетээрин Кудай Тааладан башка эч ким билбейт. Кайгыга дуушар болгондорго жардам берген үчүн биз бардыгыбыз бир үммөтпүз. Руслан бир тууганыбыз тилсиз жоодон жабыркап турган кези экен. Аз болсо да, мусулманчылык милдетибизден кутулалы деп кабар алганы келдик. Чүй казысы Руслан ажы Жумагуловдун салам-дубасын жеткирип, топтолгон акча, кийим-кече жана азык-түлүк тапшырып келдик», — деди Кант шаарынын баш имам хатиби Пазылбек ажы Абдурахманов.

Эске сала кетсек, 13-февралдан 14нө караган түнү, тилсиз жоонун кесепетинен Руслан Аширбаевдин үйү толугу менен күйүп кеткен. Кудай Тааламдын колдоосу менен өзү, жубайы жана 9 баласы эч кимиси жабыркаган эмес.