Жайыл районунда март айы толугу менен ишембилик өткөрүлөт. Алгачкы ишембилик Калинин айылында болду

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Калининин айылындагы «Ислам» мечитинин жамааты мечиттин тегерек-четин, айла-чөйрөнү тазалап, ишембилик өткөрүштү.

Бул иш-чара мечиттин имамы Кубанычбек Жаныбаевтин демилгеси менен уюштурулуп, мечиттин тегерек-чети, айылдагы чоң жолдун жээги бир канча чакырым тазаланып, зыян берүүчү акыр-чикирлердин бардыгы алынып, айлана-чөйрө да бир катар иреттелди.

Иш-чарага аталган мечиттин жамааты катышканын мечит имамы билдирип, жалпы журтчулукту тазалыкка үндөдү.

«Ислам дини тазалыкка абдан көңүл бурат. Мусулман пенде ички дүйнөсүн жаман сыпаттардан тазартуу менен биргеликте, сырткы келбетин, айлана-чөйрөнү да таза кармоого милдеттү. Мына ушул динибиздин талабын орундатуу максатта мечитибиздин жамааты ишембилик өткөрдүк. Учурдан пайдаланып жалпы элибизди, жумурай-журтту тазалыкка көңүл бурууга чакырам», — деди айыл имамы Кубанычбек Жаныбаев.

Эске сала кетсек, Жайыл хатибияты март айын толугу менен ишембилик өткөрүү боюнча айыл имамдарына тапшырма берген.