Ноокаттын Кеңеш айылындагы орто мектепте суицид жана рэкетчиликти алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам хатибинин орун басары Бакытбек Рыскулов баштаган хатибият кызматкерлери Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Байыш орто мектебинде мектеп окуучуларына суицид жана рэкетчиликти алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш-чара Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата өткөрүлдү.

Анда Ноокат районунун баш имам хатибинин орун басары Бакытбек Рыскулов өзүн-өзү өлтүрүүнүн, рэкетчилик кылып бирөөнүн акысын жеп, талап тоноо Ислам дининде тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн болооруна токтолду.

«Жараткан Аллах адилеттү зат. Эч бириңерге көтөрө албай турган дарт бербейт. Сен өзүңдү өлтүрүп алсаң жооп бересиң, сен бирөөнү талап-тоноп акысын жесең акыретте жооптуусуң. Мына ошондуктан баарыңарды адилеттүү жана жооптуу болууга чакырамын», — деди Бакытбек Рыскулов.