Казыяттын иш башкарма башчысы Абдусаттар Жакыпов «Абдулла ибн Аббас» медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Баткен казыятынын иш башкарма башчысы Абдусаттар Жакыпов Исфана шаарындагы «Абдулла ибн Аббас» медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттерден  кабар алды.

Иш сапарынын жүрүшүндө Абдусаттар Жакыпов  студенттер менен илим алуу тууралуу маектешип, медресе студенттерин терең билим алууга, ар дайым изденүүнүн үстүндө болууга чакырып, окуу жайда жасалып жаткан иштерге ыраазычылыгын билдирди.

Муну менен катар учурундагы абалга токтолушуп, мурунку жана азыркы мезгилде билим алууга түзүлгөн мүнкүнчүлүктөр туурасында  айтып, өлкө келечеги болгон жаштарга илим алуу эки дүйнөдө жарык берүүчү шам чырак экендигин белгилеп өттү.