Исфанада медресе кыздары арасында таймаш болуп өттү

Баткен облусунун Исфана шаарындагы “Абдулла ибн Аббас” медресесинде окуу жайда өтүлүүчү сабактар жана тамак аш жасоо боюнча  Лейлек районундагы “Таир” жана Исфана шаарындагы “Абдулла ибн Аббас” медреселеринин кыздары  арасында таймаш болуп өттү.

“Иш-чара эки медресе арасында  достук байланышын түзүү тажрыйба алмашуу, студенттерди билим алууга кызыктыруу, максатында  уюштурулду”, -дейт  Абдулла ибн Аббас медресесинин мүдүрү Медербек ажы Намазбаев

Иш-чаранын жүрүшүндө эки медресенин студенттери Куран окуу, араб тили, жана башка сабактардан түзүлгөн суроолорго жооп беришти. Ошондой эле калыстар тобунун алдында тамактарды, салат, шириндиктерди жасашты.

Жыйынтыгында калыстар тарабынан достук жеңиши деп чечим кабыл алынып, акчалай, сыйлуу белектер тапшырылды.