Ош шаарында “Пайгамбарыбызга кат” аттуу дилбаян конкурсу болуп өттү

Кечээ, 1-март күнү Ош шаарынын Кыргыз драм театрында КМДБнын Аппарат жетекчиси Садыбакас ажы Доолов тарабынан уюштурулган “Пайгамбарыбызга кат” аттуу дилбаян конкурсу уюштурулду.

Ага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтидин жардамчысы Улан ажы Ибраев жана Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев катышты.

Иш-чарада Азирети Муфтий сүйүктүү пайгамбарыбыздын басып өткөн өрнөктүү өмүр жолу тууралуу айтып, сынактын негизги максаты тууралуу буларды айтты.  

Пайгамбарыбызга кат деп аталган конкурстун негизи максаты Пайгамбарыбызды таануу болуп саналат. Пайгамбарыбызды таанып, андан үлгү алуу — бул бактылуулук. Аял затынын Салиха болуусу Аллахтан коркуп, көз жаш менен ибадат кылуусу, аткарган амалдарына туруктуу болуусу, кыйынчылыктарга сабыр кылуусу жана сүйлөгөн сөздөрүн жакшылыкка иштетүүсү балдардын тарбиясына чоң таасирин берет”,- деди Максатбек ажы Токтомушев.

Жыйындын соңунда жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлүп, баалуу белектер берилди.