Сүлүктү шаарында жаштар арасында Куран жаттоо жана азан айтуу жарыш болуп өттү

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында  жаштарды ыймандуулукка жана Куран үйрөнүүгө кызыктыруу максатында Куран жаттоо жана азан айтуу боюнча  жарыш болуп өттү.

Иш-чарага баш имам хатиби Артыкбай Мадаминов Сүлүктү шаарынын  мэринин орун басары Бовек Эргашев, Сүлүктү шаарынын  окуу бөлүмүнүн башчысы Абдыбахап Жалилов жана белгилүү  дин кызматкерлери, жергиликтүү жаштар катышты.

Сынак соңунда жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга акчалай жана баалуу белектер берилди.

Белгилей кетсек, 1-орунга тай, 2-орунга муздаткыч, 3-орунга кир машина, жана башка белектер берилди.