Кара-Көл шаарынын тургундары ысырапкерчиликти азайтууда төмөнкүдөй чечимге келишти

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын баш имам хатиби Бектен ажы Керезбаев жана шаардын аксакалдар кеңешинин төрагасы Камчыбек ажы Көлбаев Кара-Көл шаарында жайгашкан Ак-Кыя 1 айылынын тургундары менен жыйын өткөрүштү.

Жыйындагы негизги маселе  маркумду акыркы сапарга узатуудагы жана аш-тойлордогу ысырапкерчиликти жоюуга басым жасалды.

Шаарыбызда бир аз да болсо маркум узатуудагы ысырапкерчиликти жоюу ишке ашып келе жатат. Тойлорубузга дагы көңүл бурсак, үйлөнүү-үлпөт тоюн өткөрүүдө убакыт көпкө созулуп, кымбат унаалар менен чыгып орто жолдо ашыкча чыгымга учурап жатышат. Андыктан убакытты дагы ысырап кылбайлы”,-деди Бектен ажы.

Эскерте кетсек, буга чейин Кара-Көл шаарында ысырапкерчиликти азайтууда бир топ ийгиликтерге жетишкен. Атап айтканда маркум чыккан жерден союшту азайтуу, жаназа окулганга чейин тамак-аш жебөө,  мурзөнүн үстүнө  эстелик койбоо, керексиз кийим-кечелерди алып келбөө сыяктуу кыскартуулар азыркы күнгө чейин аткарылып келет.