Абсатар ажы Эркинбеков: Адамдарга көбүрөөк пайдасы тийген адам жакшы адам

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков Майлуу-Суу медициналык колледжинде окуган студенттерге лекция өттү. Анда дарыгерлик билим алуунун пазилеттерин жана пайгамбарыбыздын медицинасы  туурасында айтып берди.

«Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.в.а.) кайсы адам жакшы адам деп сураганда пайгамбарыбыз: “Адамдарга көбүрөөк пайдасы тийген адам” деп жооп берген. Демек медицина тармагындагылар дагы  адамдарга көп пайдасы тийген адамдар”-деди Абсатар ажы.