Сузак районунун ар бир айда өтүүчү көчмө жыйыны уланууда

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында айыл округ имамдарынын кезектеги көчмө жыйыны болуп өттү.

Жыйында райондун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов Жалал-Абад облустук казыяты тарабынан 2020-жылга бекитилип берилген иш план менен тааныштырып, иш мерчемдеги бардык тапшырмаларды биргеликте так жана өз убагында аткарууга  жана жазга карата жашылдандыруу, тазалоо, көрктөндүрүү иштерине айыл округ имамдарын чакырды.

“Өлбөгөн кулга жаз келет” деген кыргыз элинин сөзү бар. Аллага шүгүр жазга чыгып, Азирети Муфтийнин “Бир момунга бир дарак” аттуу жылда кайталануучу жазгы акциясына  жетип келдик. Жазга карата айлана-чөйрөбүздү жашылдандырып-көрктөндүрүп, мечиттерибизди сырдап таза кармайлы. Минбарга чыгып хутба айтуудан мурун ар бир нерсеге өзүбүз даяр бололу”,-деди Жунус ажы.