Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ӨКМнын кызматкерлерине “Адал эмгек” туурасында лекция окуду

Кечээ, 2-мартта Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгында жайгашкан ӨКМ кызматкерлери менен жолугушту.

Лекциянын алкагында Убайдулла ажы Сарыбаев негизинен адал эмгек жөнүндө айтып, ага кошумча бала тарбиясы, ысырапкорчулук жана адеп-ахлак туурасында баяндамасын жасады.

Мусулмандан адам бир ишти аткарса, аны майын чыгарып аткаруусу керек. Мына ошондо алган айлыгында береке, пайда болот. Суткорлук деген балекеттен алыс болгула. Ар дайым жоопкерчиликти сезип, элдин бейпилдиги үчүн кылган кызматыңыздардан Аллахым ыраазы болгон болсун”,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Лекциянын жыйынтыгында суроо-жооп болуп, ӨКМнын кызматкерли өздөрүнүн диний багыттагы суроолоруна туура жана так жоопторду алышты.